Кытайдан чыккан коронавирус пандемиясы дүйнөнүн туш-тарабына жайылды. Бирок Түркмөнстанда расмий түрдө коронавирустун бир дагы учуру каттала элек. Вирустун жайылуу коркунучун алдын алуу максатында, Түркмөнстан бир канча чектөөлөрдү киргизди. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.
Коронавирустук инфекциянын жайылуу коркунучун алдын алуу үчүн өлкөдөгү бардык мечиттер жана чиркөөлөр убактылуу жабылды. Мечиттерде баштагыдай эле намазга чакыруу үчүн азан айтылып жатат, бирок мечиттин ичине эч кимди киргизбей эле. Ашхабад менен башка региондордогу байланышты азайтуу максатында, автобустук каттамдар белгисиз мөөнөткө чейин токтотулду. Андан сырткары жүргүнчү ташыган поезддер да 16-июлдан 23-июлга чейин токтотулду. Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, Ашхабад шаарындагы белгилүү ресторандар да ишин убактылуу токтоткон.
Буга чейин Түркмөнстанга Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлдөрү келип, өлкө коронавирус катталгандай эле чектөө чараларын кабыл алышы керектигин айткан.