Кытайда сутка ичинде 1 адамдан коронавирус аныкталды

Кытайда акыркы бир сутка ичинде 1 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, вирус аныкталган адам менен кошо оорунун эч кандай белгилери жок дагы 15 адам катталган. 27 бейтап илдеттен айыгып чыгып, көз жумгандар болгон эмес.

Жалгыз катталган учур Ички Монголия автономдуу районунда чет жерден келген адамдан аныкталган.

Кытайда чет элден келген жалпы 1 миң 691 адамдан вирус табылган. Алардын ичинен 80 адам дарыланып жаткан болсо, 1 миң 611 адам айыгып чыккан.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан