Мекенге кайтып келе жаткан 70ке чукул кыргыздар Казак-Орус чек арасында калып калышты. Бул тууралуу окурман тарабынан белгилүү болду. Редакциябызга кайрылган окурман чек арадагы көрүнүштү видеого тартып алган.
Анда видеонун автору Москва шаарындагы хостелдерде 1 жарым ай жашаган кыргыздар мекенге кайтууда чек арадан өтө албай калганын билдирет.
"Соль-Илецкийге жетпеген аймакта туруп калдык. 6-майдан бери турабыз. Бизди милиция кызматкерлери өткөрбөй "өлкөңөргө керегиңер жок болсо, бизге дагы керегиңер жок" дешти. Москвадан өлкөгө кайткан кыргыздар 70тей, автобус менен жолго чыкканбыз. Бул жерде кары-картаңдар дагы бар. 2 айдан бери өкмөттөн, консулдуктан жардам болгон жок. Жок дегенде ушул жерде калып калган элди алып кетсе болмок", - деп билдирет жолдо калган мекендешибиз.
Окуя боюнча Тышкы иштер министрлигине байланышканыбызда, маалымат эртең берилерин билдиришти.
Өлкөдө өзгөчө кырдаал, өзгөчө абал жарыялангандан бери аба каттамдары токтотулуп, чек аралардан жүргүнчүлөрдү алып өтүүгө чектөө киргизилген. Мындан улам аталган министрлик чет өлкөдө жүргөн жарандарды чектөөлөр алынганга чейин өлкөгө кайтпай туруусун эскертип келет.