Белгилүү футболчу, Италиянын "Милан" командасынын швециялык чабуулчусу Златан Ибрагимовичтен коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 38 жаштагы Ибрагимовичтен коронавирус бүгүн Норвегиянын "Будё-Глимт" командасы менен боло турган оюндун алдында аныкталган. Футболчу дароо карантинге алынган.
Үч күн мурун, 21-сентябрда Златан Ибрагимович Италия чемпиондугунун 1-турдук оюнунда "Болонья" клубуна каршы оюнга чыгып, жеңиш алып келген 2 голду киргизген.