Бүгүн, 5-августта өлкөгө "Авиа Траффик Компани" авиакомпаниясынын Новосибирск–Бишкек багыты боюнча каттамы учуп келди. Бул каттам менен мекенине Орусиядан 184 Кыргыз жараны кайтып келди, анын ичинде жаш балдар да бар. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Чартердик каттам чет мамлекеттерден мекенине келе албай жаткан биздин жарандарды кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында президенттин жана өкмөттүн тапшырмасын аткаруу үчүн уюштурулган.
Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Кыргыз өлкөсүнө кайтууга муктаж болгон Кыргыз жарандарынын берген кайрылууларынын кезеги боюнча түзүлгөн, алардын катарында кош бойлуу аялдар, жаш балдары бар аялдар, улгайган жарандар, Новосибирсктин клиникаларында операция жасаткандар, депортация болгон жарандар, Сибирдин ЖОЖдорунда окуган кыргыз студенттери бар. Ошондой эле бул каттам менен Сибирь федералдык округунун башка региондорунан, Владивостоктон, Якутсктан, Түштүк Сахалинсктен, Хабаровсктон жана Красноярсктан Кыргыз жарандары дагы учуп келди.