Өзгөчө абал учурунда күн сайын банк системинин 7 миӊ кызматкери жумушка чыгып жатты

Өзгөчө абал учурунда банк системинин 7 миӊ кызматкери күн сайын жумушка чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 10-майда Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов онлайн маалымат жыйында билдирди.

"Төлөм системинин үзгүлтүксүз иштеши камсыздалып, өлкөдөгү бардык пенсиялар жана жөлөк пулдар убагында жеткирилди. Калк ичинде төлөмдөрдү жүргүзүү жана акча которууларды алуу мүмкүнчүлүгү жаралды.

Бүгүнкү күнгө карата валюталык рыноктогу абал туруктуу. Улуттук банк акыркы жолу 2020-жылдын 2-апрелинде интервенцияга чыккан. Улуттук банктын алтын-валюталык резервдери 2 миллиард 394 миллион долларын же 4,5 ай импортту түзөт. Бул келечекти көздөй ишеним менен кароого өбөлгө түзөт", - деп билдирди Толкунбек Абдыгулов.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан