Өлкөдө бир сутка ичинде дагы 14 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 11-майда онлайн брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Анын ичинен:
Бишкек шаары – 6;
Чүй облусу – 1;
Ош облусу – 2;
Баткен облусу – 1;
Нарын облусу – 2;
Ысык-Көл облусу – 2.
Муну менен өлкө аймагында жалпы 1016 адам коронавирус жуктурду. Анын ичинен 688 бейтап бул илдеттен арылды.