Салык кызматы: "Ишкананын эсепчиси же жетекчиси кызматкерлеринин тизмеси менен келип мөөр бастырып кетсе болот"

Ишмердүүлүгүнө уруксат берилген жарандар шаар ичинде каттап жүрүү үчүн жумушунан алган аныктамаларына салык кызматы тарабынан мөөр бастырып алышы керек. Бул тууралуу кечээ, 10-майда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов онлайн маалымат жыйынында билдирген.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы Мамлекеттик салык кызматына байланышып, "мөөр бастырганы келген жарандар үчүн кандай коопсуздук чаралары каралган?" деген суроо узатты.

"Негизи буга чейин деле Мамлекеттик салык кызматы штаттык режимде иштеп келген. Андыктан коопсуздук эрежелери сакталыш үчүн бардык иш-чаралар аткарылып турат. Мисалга, имарат күнүгө дезинфекцияланат. Келгендер бет капсыз киргизилбейт жана албетте, аралыкты сактоо үчүн көзөмөл жүргүзүлөт.

Аныктамаларга коюлуучу мөөр тууралуу бир аз түшүндүрмө бере кетейин. Себеби жарандар арасында ар кандай кайчы пикирлер айтылууда. Өкмөт мындай чечимди маселени мыйзамдаштыруу максатында кабыл алса керек. Бизде жеке ишканалар көп. Салык кызматынан басылган мөөр, ишкананын ар бир кызматкери социалдык фондго төлөнүүчү жана башка салыктарды төлөп жатат дегенди тастыктаган эле мөөр. Бир жагынан ишканага катталбаган жарандар деле жөнөкөй аныктама алуу менен шаар ичинде жүрө бербесин деген маселе болуп жатат да. Белгилей кетүүчү нерсе, бизге мөөр бастырууга сөзсүз эле ар бир кызматкердин өзү келиши шарт эмес. Алардын ордуна ишкананын эсепчиси же жетекчиси кызматкерлеринин тизмеси менен келип койдуруп кетсе болот.

Коопсуздук жагын айтсак, бизде атайын кызматкерлер бар, алар аралыкты сактоо үчүн кезекке тургандарды 3-4 адамдан гана киргизип турат. Ошондой эле имараттын ичинде дезинфекциялоочу каражаттар бар", - дейт мекеменин басма сөз катчысы.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Shef87
2020-05-11 13:25:05
Эмне үчүн салык аныктама өзү жетиштүү го нарака берака чуркаткан кызык окшойт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан