Коронавирус боюнча маалыматтар жаап-жашырылып жатат деген кептерге министрлик жооп берди

Бүгүн, 11-майда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев адаттагыдай эле коронавирус боюнча жаңы статистикалар тууралуу маалымат берди. Онлайн брифинг учурунда ага "Адамдар коронавирусту медицина кызматкерлеринен жуктуруп алыптыр деген кеп тарап, муну министрлик жашырууда дешүүдө. Министрликте ушундай жагдай барбы?" деген суроо берилди. Үсөнбаев министрлик тараптан бардык маалыматтар ачык-айкын берилип жатканын айтып, мындай кептер туура эмес экенин белгиледи.

"Жаап-жашыруунун кажети жок, бизде мындай ыкма колдонулбайт. Эгер чынында ошондой болсо, кайра эле элге чыгат да ал маалымат. Анткени медицина кызматкерлери деле эл менен иштейт, аларды өзүнчө бир жайга алып койгон жокпуз да. Ошондуктан абал кандай болсо, маалыматтар ошол бойдон айтылып жатат", - деди ал.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан