Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынын дарыгери тапшырган анализдин жыйынтыгы оң натыйжаны көрсөттү

Бишкектеги Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынын дарыгери тапшырган анализдин жыйынтыгында COVID-19 аныкталган. Маалыматты республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев тастыктады.

Анын айтымында, алар медициналык мекеменин кызматкерлеринин арасында тапшырган анализдин жыйынтыгында бир дарыгердин анализинин жыйынтыгы оң натыйжаны көрсөткөн. Бирок дарыгер дагы бир анализ тапшырып, учурда анын жыйынтыгы күтүлүп жатат.

"Дарыгерибиз биринчи анализ тапшырганда анын жыйынтыгы терс чыккан, ал эми экинчи жолу тапшырганда жыйынтык оң чыгып калды. Учурда үчүнчү анализдин жыйынтыгын күтүп жатабыз. Ал дарыгер изоляцияга алынганына бүгүн үч күн болот. Дарыгердин эч кандай даттануусу жок, жакшы абалда экенин айта кетейин. Оорунун клиникалык көрүнүшү жок", - деди Аалиев.

Кыргыз өлкөсүндө 11-майга карата жалпысынан 1016 адам коронавирус менен жабыркап жатса, анын 688и айыккан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Krai
2020-05-11 15:35:23
Анализи оң чыкты терс чыкты дебей жалпак тил менен эле айтпайсыңарбы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан