Коронавирус жуктуруп алган Орусиянын өкмөт башчысынын абалы жакшырып жатканы айтылды

Коронавирус жуктуруп алган Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустиндин абалы жакшырып жатат. Бул тууралуу анын басма сөз катчысы журналисттерге билдиргенин орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Анын айтымында, өкмөт башчы дарыгерлердин көзөмөлүндө дарыланып жатат. "Мишустин видеоконференция аркылуу кесиптештери менен жыйын өткөрүп турат. Президент менен дайыма байланышып жатат", - дейт басма сөз катчы.
Апрель айынын соңунда Орусиянын өкмөт башчысы коронавирус жуктуруп алганы аныкталган. Ал коронавирус жуктурганы тууралуу өзү президент Владимир Путинге билдирген. Мындан ары изоляцияда болоруна байланыштуу премьердин милдетин аткаруучу катары Андрей Белоусовдун талапкерлигин сунуштаган. Путин ал сунуштаган талапкерди жактырган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
alishsapan
2020-05-11 22:57:34
Эмне үчүн биздин министр чоңдорго вирус чуүпайт
0
gulya583
2020-05-12 00:19:43
Себеби биздин чондор жеп жутарлар, алар келе жаткан вирустуда коронасына карабай жеп коюшатта. Вирус байкуш качатта анан алардан анекдотко окшоп. Шайтан баласын эшикке алып чыгат машыктырганы, мас адамды коруп калып, баласына кач эле кач дейт, мас арак ичип алып жиндеп, анан шайтан кунолуу деп бизди куноолойт деген имиш.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан