Нарын облустук ооруканасынын төрөт бөлүмүнүн 6 кызматкеринен коронавирус аныкталды. Төрөткана штаттык режимде иштеп жатат

Нарында төрөт бөлүмдө иштеген медициналык кызматкерлерден коронавирус аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 12-майда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде суроолорго жооп берип жатып билдирди.

"Нарын облустук ооруканасынын төрөт бөлүмүнүн 6 кызматкеринен коронавирус аныкталды. Бул санитардык эрежелердин сакталбаганынан улам болду. Төрөт бөлүмү бүгүнкү күндө штаттык режимде иштеп жатат. Вирус аныкталганга чейин иштеген кызматкерлердин баары обсервацияга жөнөтүлүп, алардын ордуна башка кызматкерлер келишти", - деди Үсөнбаев.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан