Цзинин медициналык университетинин физиология департаментинин окумуштуулары изилдөөлөрдү жүргүзүп, коронавирус менен ооруган айымдар балалуу болбой калышы мүмкүн экендигин аныкташты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, бул вирус айымдардын репродиктивдүү системине өзүнүн терс таасирин тийгизет.
Патоген жыныс жана заара системине кирип кетиши мүмкүн, анткени ал жакта ACE2 белогу көп. Дал ошол белок аркылуу вирус аялдардын организмине кирет. Окумуштуулар CoViD-19 жатынды, плацентаны жана энелик безди жабыркатышы мүмкүн экендигин эскертишет.
Адистер коронавирустан айыгып чыккан бейтаптарга дарыгерлердин кароосунан өтүп турууну сунуштайт.