Дары-дармек каражаттары менен камсыз кылуу боюнча кырдаал бир топ турукташты. Бул тууралуу бүгүн, 6-августта онлайн брифингде Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрайымы Эльнура Боронбаева билдирди.
"Бирок айрым надропарин (фраксипарин), натрийдин эноксапарини, кларитромицин, пиперациллин+тазобактам, мидазолам сыяктуу дары-дармектердин жетишсиздиги дагы эле байкалууда. Бул дары-дармектердин бардыгы коронавирус инфекциясынын жана пневмония илдетинин оор жана өтө оор формаларын дарылоо үчүн зарыл. Ошол эле учурда белгилей кетүү керек, бүгүнкү күндө саламаттыкты сактоо уюмдарында акча каражаты бар. Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек каражаттары жана медициналык буюмдар менен камсыз кылуу департаментинин маалыматы боюнча бардык дары-дармек каражаттары Кыргыз мамлекетинин рыногунда бар. Ушуга байланыштуу саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилерине кайрылып кетким келет. Бардык колдо болгон ресурстарды пайдаланып, калкка медициналык жардам көрсөтүү үчүн дары-дармек каражаттарынын, дезинфекциялоочу каражаттардын жана медициналык буюмдардын кампасын камсыз кылууну өтүнөм”, - деди Эльнура Боронбаева.