
Санкт-Петербург шаарындагы ооруканалардын биринин жандандыруу бөлүмүндө чыккан өрт 5 адамдын өмүрүн алды. Өрткө жасалма дем алдыруучу аппараттар себеп болуусу мүмкүн экендиги айтылууда.
Мындан улам Орусияда Авента-М жасалма дем алдыруучу аппараттарын колдонуу убактылуу токтотулду.
"Саламаттыкты сактоо жаатын көзөмөлдөө федералдык кызматы Орусиянын аймагында 2020-жылдын 1-апрелинен тартып өндүрүлө баштаган Авента-М жасалма дем алдыруучу аппараттарын колдонууга убактылуу тыюу салды", - деп жазылат маалыматта.
Москва жана Санкт-Петербург шаарындагы ооруканаларда чыккан өрттөрдөн улам тиешелүү органдар жасалма дем алдыруучу аппараттарды текшерүүнү баштаган. Ал эми аппараттарды чыгарган "Радиоэлектрондук технологиялар" концерни кырсык өрт коопсуздук эрежелерин сактабагандан же техникалык маселелерден улам болушу мүмкүн экендигин билдирген.
Авента-М маркасындагы аппараттар 2012-жылдан бери ооруканаларда колдонулуп келет. Буга чейин аларды колдонууда эч кандай маселелер жаралган эмес.