Бүгүн, 14-май саат 10:00гө карата өлкөдөгү коронавируска байланыштуу эпидемиологиялык абал тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев маалымат берди.
Суроо: 15 жашка чейинки балдар арасында коронавируска кабылгандардын саны эмнеге көп болуп жатат?
Жооп: "Балдар илдетти чоңдордон жуктуруп алып жатышат. Көбүндө илдеттин белгилери жок өтүп жатат".
"Мен түштүк аймактагы абал менен таанышып келдим, ал жакта абал туруктуу. Биз катуу көзөмөлдөп жатабыз. 1-2 жарандан оору аныкталган учурлар болууда, алар чет өлкөдөн келгендер".
"Кош бойлуу келиндерди төрөтканалар кабыл албай жатышкан маалымат боюнча парламентте дагы маселе көтөрүлдү. Биз курсактагы баласы чарчап калган келин тууралуу маалыматыбыз бар. Анын иши боюнча текшерүү жүргүзүлөт", - деди Каратаев.
Өлкө боюнча стационарларда 335 бейтап дарыланып жатат, алардын ичинен 5 жаран оор абалда жандандыруу бөлүмүндө.
"Мага азыр эле жаңы маалымат келди. Ага ылайык, Нарын облусунда дагы 15 жарандан коронавирус аныкталды", - деди министрдин орун басары.
Муну менен ооругандардын жалпы саны 1082ге өстү.
Бир сутка ичинде өлкө боюнча 6 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.
Бишкек шаары – 5;
Ош шаары – 1.
Ал эми стационарлардан 3 медицина кызматкери сакайып чыкты.
Жалпысынан республика боюнча 247 кызматкерден коронавирус аныкталып, алардын ичинен 192си стационарлардан айыгып чыккан.
Бүгүнкү күнгө карата 23 жарандан коронавирус аныкталды.
Бишкек шаары – 14;
Чүй облусу - 4, алардын ичинен 2 жаран Соль-Илецктен келгендер;
Ош шаары - 1;
Жалал-Абад облусу - 4;
Жалпы 1067.
Сутка ичинде 9 бейтап ооруканадан чыгарылды.
Бишкек шаары – 5;
Ош шаары - 1;
Ош облусу - 2;
Нарын облусу - 1.
Жалпы 735.