"The New York Times" гезити Орусиядагы коронавирус менен ооругандардын саны боюнча жарык көргөн макаласын төгүндөөдөн баш тартты

АКШнын "The New York Times" гезити Орусияда коронавирус жуктуруп алгандардын жана андан каза болгондордун саны боюнча жазган макаласын төгүндөөдөн баш тартты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

"Биз жарык көргөн материалдын тактыгынан эч күмөнүбүз жок. Макала расмий маалыматтарга жана мамлекеттик институттардын адистеринин айтканына таянып жазылган", - деп билдиришкен гезиттен.

Буга чейин Орусиянын Тышкы иштер министрлиги "Financial Times" жана "The New York Times" гезиттерине Орусиядагы пандемиялык абал тууралуу жарык көргөн фейк маалыматтарды төгүндөөгө чакырган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан