Улуу Британияда вакцина сыноосуна катышам дегендерге атайын коронавирус жуктурулат

Улуу Британияда коронавируска каршы вакцина сыноолоруна катышууну каалаган ыктыярдуу жарандарга атайылап вирус жуктурулат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, алгач каалоочуларга коронавируска каршы вакцина берилип, бир айдан кийин коронавирус инфекциясын чакыруу өлчөмүндөгү вирус сайылат. Бул изилдөөлөр 2021-жылдын январь айында Лондондогу коопсуз карантиндик аймакта башталары айтылды. Учурда бул сыноого катышуу ниетин 2 миңге жакын киши билдирген.

"Бул тесттик изилдөө вакцинанын эффективдүүлүгүн аныктоо үчүн дени сак ыктыярчыларга атайын коронавирус жуктурган сыноо болмокчу", - деп жазылат маалыматта.

Учурда Улуу Британияда вакцинаны иштеп чыгуу боюнча 2 илимий борбор иштеп жатат. Оксфорд университетинин окумуштуулары вакцина сентябрда, Империал Колледжинин окумуштуулары болсо вакцина 2021-жылдын жаз айына чейин даяр болушу мүмкүн экенин айтууда.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Jibakana
2020-09-25 00:11:28
Ким макул болот болду экен жанын кыйнап?
0
Saiit
2020-09-25 00:34:06
Jibakana,Эл учун жер учун Адам баласын сактап калуу учур эр журоктуулор барда! Сага окшоп коркок болбой!!
-3
Jibakana
2020-09-25 09:33:09
Saiit, койчу ай чын элеби?сен ушундай ооруга даярсынбы?
0
Saiit
2020-09-25 11:37:30
Jibakana,14 Жылдан бери кокурокту окко тутуп мекендин чегин кооруп атабызго Тажиктер менен атышып урушуп!!
0
Jibakana
2020-09-25 17:52:08
Saiit,мекен учун Элин учун турган жакшы конечно мен ага каршы эмесмин мен оору жуктурган жонундо айттым
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан