61 жаштан 87 жашка чейинкилер. Өлкөдө коронавирустан каза болгондордун тизмеси

Өлкөдө 22-апрелге карата коронавирус аныкталган жарандардын саны 612ге өстү. Анын ичинен вирус катталган күндөн тартып, тагыраагы 18-марттан бери бардыгы болуп 7 бейтап бул илдеттен каза болду. Вирус аныкталгандан 16 күн өткөндөн кийин биринчи өлүм катталган. Тизме:

3-апрелге карата Ош облусундагы Ноокат аймактык ооруканасында 61 жаштагы бейтап вирустан каза тапты. Ал чет өлкөдөн келип, стационардык обсервацияда дарыланып жаткан. Бейтапта дагы башка өрчүп кеткен оорулары бар болгондугу кабарланган.

4-апрелде Ош облусунун Ноокат районунда 80 жаштагы бир бейтап каза болду. Ал коронавирусту чет өлкөдөн жуктуруп келип, дарыланып жаткан. Ага бардык тийиштүү чаралар колдонулган. Бирок кокустан анын абалы оорлошуп, жүрөк оорусу кармап каза болгону маалымдалган.

6-апрелге карата Ош облусунда коронавирустун кесепетинен дагы 2 киши каза боду. Алардын жаш курагы, вирусту кандай шартта жуктуруп алып, кайсы ооруканада дарыланып жатканы тууралуу маалымат берилген эмес.

10-апрелге карата өлкө боюнча коронавирустан 1 жаран каза болуп, жалпы саны 5ке жетти. Маркум 87 жашта болгон. Ал Ноокат районундагы оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатканы айтылган.

20-апрелде өлкөдө коронавирустан 2 бейтап каза болду. Каза болгон бейтаптын бири - Чүй облусунан - аял киши, 70 жашта. Экинчиси Ош шаарынан 79 жаштагы эркек киши. Каза болгон жарандардын өнөкөт оорулары дагы болгону маалымдалган.

Мындан тышкары Пакистанда жүргөн 72 жаштагы Кыргыз жаранынан вирус аныкталып, ал 9-апрелде каза болгонун Тышкы иштер министрлиги ырастаган. Ал эми республикалык штабдан Кыргыз жараны карантинде жатканын, ал жүрөк оорусунан каза болгонун кабарлаган. Маркумдун коронавируска тапшырган экинчи тестинин жыйынтыгы күтүлүп жаткан. Анын башка өнөкөт илдеттери дагы болгонун билдиришкен.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан