"Кылган ишибиз жакшы жыйынтык болуп, облус илдетти жеңип келе жатат". Нарын облусунун коменданты кайрылуу жасады

Коронавирус инфекциясын алдын алуу максатында 15-апрелден баштап Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун коменданты Уланбек Аалиев жалпы Нарын элине кайрылуу жасады.

"Урматтуу Нарын облусунун тургундары жана коноктору, 15-апрелден баштап ушул күнгө чейин мурда-кийин башыбыздан өткөрбөгөн оор учурду бирге өткөрдүк. Биринчиден, биз койгон талаптарды так аткарып, мыйзамга баш ийген облустун жашоочуларына ыраазыбыз. Силер өзгөчө абалдын эрежесин гана сактабастан, ага туруштук бердиңер. Баарыңар кылып жаткан ишиңерди токтотуп, коронавирус илдети коркунучтуу экенин, андан үйдө болуп гана сактануу керек экенин түшүнүп, биздин кээ бир ылайыгы келбеген талаптарга баш ийип бердиңер.

Мына, азыр баарыбыз жапа тырмак кылган ишибиз жакшы жыйынтык болуп, облус илдетти жеңип келе жатат. Облуска кирген өзгөчө абал учурунда Нарын облусунун жана Ат-Башы районунун комендантурасынын алдында түзүлгөн топтор тынымсыз иштеди.

Алар күнү-түнү байланышка чыккан эки миңден ашуун жарандардын суроолоруна жооп беришти.

Ошондой эле облуста мамлекеттик жана жеке уюмдар максаттуу иш алып барып, облус боюнча 26 миң 428 адамга жардам көрсөтүлдү.

Башында айтып өткөндөй, дүйнө жүзү күрөшүп жаткан бул пандемия абалында кемчиликтер кетпей койгон жок. Аны туура түшүнүү менен кабыл аласыздар деп ойлойм. Бул илдет менен алышууда милиция кызматкерлерине жергиликтүү калктан чогулган атайын элдик кошуундар чоң жардам көрсөтүштү. Алар жеңилди жерден, оорду колдон алып турушту.

Өлкөбүздүн эң башкы максаты болгон калктын саламаттыгын сактоодо өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, райондук, мамлекеттик администрациялар, шаардык мэрия ар тараптуу шарттарды түзүп, Нарын шаары, Кочкор, Жумгал, Ат-Башы, Ак-Талаа, Нарын райондорунун ички иштер бөлүмдөрү, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмдөрү, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана медицина кызматкерлери күнү-түнү кызмат өтөштү.

Убакыт келип, Нарын облусунун Ат-Башы районунун комендантурасы өз ишин токтотту. Бардыгыңыздарга ден соолук, бакубат жашоо каалайм. Сый-урмат менен мамиле кылган ишибиздин жыйынтыгы жакынкы күндө чыгып, облус эли бул вирусту жеңет деп ишенем", - деп билдирген өз кайрылуусунда милициянын полковниги Уланбек Аалиев.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан