Орусиянын 85 аймагынан акыркы бир сутка ичинде 10 миң 598 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. 113 адам каза болсо, 4 миң 696 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.
Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус аныкталган адамдардын ичинен:
Москва шаарында - 4 миң 748 адам (жалпы 135 миң 484);
Москва облусунда - 945 адам (жалпы 25 миң 525);
Санкт-Петербург шаарында - 541 адам (жалпы 9 миң 486);
Нижегород облусунда - 307 адам (жалпы 5 миң 903) жана калгандары башка аймактардан.
Бул көрсөткүч менен Орусияда жалпы 262 миң 843 адамдан инфекция аныкталды. 2 миң 418 адам каза болсо, 58 миң 226 бейтап айыгып чыкты.