Бир сутка ичинде өлкө боюнча 8 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды, алардын ичинен экөө кызыл зонада жуктурган.
Бишкек шаары – 4 (кызыл зонадан 1);
Баткен облусунда – 2;
Ысык-Көл облусунда – 2 (кызыл зонадан 1).
Ал эми бир суткада стационардан 5, үй карантининен 4 медкызматкер чыгарылган.
Республика боюнча жалпы 4 миң 57 медицина кызматкери илдеттен жабыркаса, алардын ичинен 3 миң 805и сакайды.