
Коронавируска каршы сыноодон өтүп жаткан вакцинаны биринчи болуп алган америкалык
Женнифер Халлер өз сезимдери менен бөлүштү.
"Биринчи күнү бир аз дене табым көтөрүлдү. Экинчи күнү колум ооруду. Андан кийин эч нерсе болгон жокмун", - деп билдирген Халлер.
Анын айтымында, ал бул сыноого катышуу менен дүйнөнүн коронавируска каршы күрөшүүсүнө бир аз да болсо салым коштум деп эсептейт.
"Эртеби, кечпи таасирдүү вакцина иштелип чыгат деп ишенем. Мен бул сыноого катышканыма сыймыктанам", - деген Халлер.
Жакынкы арада 44 жаштагы Сиэтлдин жашоочусуна вакцинанын экинчи дозасы сайылат. Ал адистердин көзөмөлүндө 2021-жылдын жаз айларына чейин болот.
Айта кетсек, Сиэтлдеги жугуштуу оорулар институту коронавируска каршы вакцина иштеп чыгууда клиникалык сыноолор башталганын билдирген.
Сыноо үчүн 45 каалоочу тандалып алынган. Аларга аралыгы 28 күндөн 2 вакцина сайылат.