Өлкөдө бир суткада коронавирус илдетин 3 медицина кызматкери жуктуруп алды. Бул тууралуу бүгүн, 17-майда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат жыйында кабарлады.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында катталгандардын саны 251. Алардын ичинен 204 медицина кызматкери стационарлардан айыгып чыккан.