Баткен облусунда санитардык талаптарды сактабаган 28 ишканага айып салынды

Баткен облусунда санитардык талаптарды сактабаган 28 ишканага айып салынды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунда 11-майдан тарта ишин жанданткан тармактарга күн сайын рейд жүргүзүлүп, санитардык талаптар көзөмөлгө алынууда.

Натыйжада облустук санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борбору тарабынан 11-майдан бери ишканаларга 202 санитардык талаптарды сактоо боюнча эскертме кат берилген. Ага карабай талаптарды аткарбаган 117 ишканага эскертүү берилип, 28 ишканага айып пул салынган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан