Дүйнөдө коронавирус инфекциясын 152 миллион 487 миң 418 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 89 миллион 288 миң 77 бейтап айыгып чыкса, 3 миллион 198 миң 935 адам илдеттен каза болду. Статистикалык маалымат бүгүн, 2-майга карата алынды.
Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 32 миллион 421 миң 55 болду. 577 миң 43 адам каза болсо, канча адам айыгып чыкканы боюнча маалымат жок.
Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 19 миллион 557 миң 457 адамдан аныкталды. 215 миң 542 адам каза болсо, 15 миллион 992 миң 271 бейтап айыкты.
Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Бразилияда 14 миллион 754 миң 910 адам вируска кабылган. 407 миң 639 бейтап көз жумса, 13 миллион 83 миң 550 бейтап оорудан сакайды.