Өлкөдө өткөн суткада 78 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 18-майда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн маалымат жыйынында билдирди.
Алар:
Бишкек шаары – 3 (+3 Санкт-Петербург шаарынан келгендерден);
Чүй облусу – 3 (+43 Соль-Илецк шаарынан келгендерден);
Нарын облусу – 14;
Ош шаары – 5;
Ош облусу – 6;
Жалал-Абад облусу – 1.
Ошентип жергиликтүү калктын ичинен 27 адамдан илдет аныкталса, ал эми сырттан келгендердин ичинен 51 кишиден вирус бар экендигин тесттин жыйынтыгы көрсөттү.
Муну менен коронавирус жуктуруп алгандардын саны 1 миң 216га жетти.
7-май күнү Орусиянын Соль-Илецк шаарынан 541 Кыргыз жараны кайтып келген. 10-майда кайтып келгендердин арасынан 55 адамдан коронавирус аныкталган. Кийин 14-май күнү дагы эки жарандан вирус жуктуруп алгандыгы тесттин жыйынтыгынан билинген.
15-майда Орусиянын Санкт-Петербург шаарынан 156 Кыргыз жараны учуп келген. 17-май күнү бул каттамда учуп келгендердин ичинен 10 адамдан коронавирус аныкталган. Алар Санкт-Петербургдагы аскердик окуу жайында билим алган курсанттар экени айтылган.