Украинанын бийлиги пандемияга карабастан, пляждарды ачууга уруксат берди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, пляждардын дээрлик бардыгы ачылат.
"Биз сууга түшө алабыз. Биз эпидемиология институту менен кеңешме өткөрдүк. Адистер деңиз тузу, ультрасыя чагылуусу менен бирге коронавирустук инфекциянын деактивдүү болушуна алып келерин билдирди", - деп жазылат маалыматта.
Бирок буга карабастан, коронавирус жуктуруп алуу коркунучу көбүрөөк болгон жарандарга суу жээгине баруу сунушталбайт. Пляжга келген жарандар 2 метр социалдык аралыкта сактап, бет кап тагынуусу зарыл.