Коомдук жайларда, транспортто, коомдук тамактануу түйүндөрүндө, соода аянттарында санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Бул туурасында республикалык ыкчам штабдын кеңешмесинде айтылды.
Премьер-министр Кубатбек Боронов өлкөнүн бир катар райондорундагы тургундар арасында коронавирустук инфекциядан жабыркагандардын санынын өсүшүнө байланыштуу тынчсыздануусун билдирди.
"Акыркы күндөрү өлкөнүн бир катар райондорунда жагымсыз эпидемиологиялык абал байкалууда. Оору жана оор абалдагы жарандардын саны көбөйүүдө. Мурда белгиленгендей, ар бир бейтапты дарылоодо өзгөчө мамиле керек. Бардык коопсуздук чараларды жогорулатуу, анын ичинде коомдук жайларда, транспортто, базарларда, соода борборлорунда, ресторандарда санитардык ченемдерди сактоо боюнча текшерүүлөрдү өткөрүү зарыл. Бет кап тагынуу режими так сакталууга тийиш.
Мындан тышкары эпидемиологиялык иликтөөлөрдү жүргүзүү жана коронавирус инфекциясын жугузган адам менен байланышта болгондордун обочолонуу режимин сактоосу боюнча иштерди сапаттуу аткаруу керек", - деди ал.