Кечээ социалдык тармактарга "Абал оор, бейтаптардын бирине унаада жасалма дем алдырып жатышса, экинчиси короодо жыгылды", - деген видео тараган. Видео кайсы даректе тартылганы айтылган эмес болчу.
Улуттук госпиталдын башчысы Тилек Маратов бул көрүнүш боюнча "Акипресс" маалымат агенттигине төмөнкүлөрдү билдирген.
"Абал курч. Амбулатордук негизде дарыланып жаткан эки бейтапты дарыгерлер кабыл алууга, текшерүүгө жетишкен эмес. Алар абалы өтө оорлогондо келишкен", - деген ал. Ошондой эле Маратов Улуттук госпиталдын алдында кечээ, 29-июнда пневмония менен ооруган 2 адам көз жумганын айткан. Ал жарандар оорусу күчөп кеткенде кайрылып жатышканын белгилеп, анын кесепети кейиштүү болуп жатканына токтолгон.
Буга чейин саламаттыкты сактоо министри март айынан бери өлкөдө пневмониядан 54 бейтап каза болгонун айткан болчу.