Бүгүн, 19-майда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 25-майдан тартып коомдук транспорттор ишке кирет деп маалымдаган. Бирок Бишкек шаардык мэриясы коомдук транспорттордо инфекцияны жугузуп алуу коркунучу чоң болгондуктан бул маселе азыр талкууланып жатканын билдирди.
"Шаардык мэрия баш калаадагы эпидемиологиялык абалдан кабатырланып турат. Буга байланыштуу коомдук транспортту ишке киргизүү маселеси талкууланууда. Анын күнү жылып кетиши мүмкүн деген божомол бар", - деп айтылат маалыматта.
Учурда республикалык штаб менен талкуу, кеңешүү жүрүп жатат.