АКШ президенти өлкөдө коронавирус инфекциясы курчуп турганына карабастан медициналык бет кап тагынбай гольф ойноого барды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, гольф ойноого барганда президент социалдык аралыктын бир катар эрежелерин бузган. Анын жанындагы адамдардын көпчүлүгү медициналык бет кап тагынган эмес. Мындан тышкары Трамп бир нече адамдар менен кол алышкан.
АКШда быйыл боло турчу президенттик шайлоодо демократиялык партиядан талапкер Жо Байден Трамптын бул аракетин сынга алган. "Дээрлик 100 миң адам өлүп, ондогон миллион жарандарыбыз жумушсуз калды. Ал ортодо президентибиз бир күнүн гольф ойноп өткөрөт", - деп жазган Байден социалдык тармактагы жеке баракчасына.
АКШда коронавирус инфекциясы 1 миллион 622 миң 670 адамдан аныкталды. 97 миң 87 адам каза болсо, 350 миң 135 бейтап айыгып чыкты.