Түркмөнстанда пандемияга байланыштуу жабылган зоопарк кайрадан өз ишин жандантты
Түркмөнстандын борбору Ашхабад шаарында жайгашкан Улуттук жапайы жаныбарлар музейи өз ишин баштады. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматта жазылгандай, эми зоопарк келүүчүлөр үчүн ачык. Ашхабаддын зоопаркынын ишине чектөө өткөн жылдын июль айынан тарта жугуштуу оорулардын жайылышын алдын алуу максатында киргизилген. Мындай чечим Түркмөнстандын Ооруларды көзөмөлдөө боюнча чукул комиссиясы тарабынан 2020-жылдын 26-августунда кабыл алынган.