Өлкөдө коронавирус менен ооруп айыккан адам кайрадан илдетти жуктуруп алган учур катталган эмес. Бул тууралуу бүгүн, 28-сентябрда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн маалымат жыйында билдирди.
Учурда министрдин орун басары журналисттер тарабынан берилген суроолорго жооп берип жатат. Белгилей кетсек, бир суткада 104 адамдан коронавирус илдети аныкталды.