"Ооруганга акым жокпу? Мен адам эмесминби?". Рамзан Кадыров коронавирус оорусу тууралуу үн катты

Коронавируска шектелип жаткан Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров дени сак экенин билдирди. Бул тууралуу ал орусиялык журналист Ахмед Дудаевдин Инстаграм баракчасындагы түз эфир аркылуу кабарлаган.

"Эгер мен оорусам дагы, дүйнө жүзүндө миллиондогон адамдар коронавирус менен ооруп жатат, андан 10 миңдегени каза болду. Мен эмне адам эмесминби? Ооруганга акым жокпу? Тамчылатма дары алып, иммунитетимди көтөргөнгө укугум жокпу? Мен толугу менен дени сак адаммын", - деген Кадыров.

Ошондой эле ал пандемия башталгандан тартып Грозныйда байма-бай текшерүүдөн өтүп турарын кошумчалаган. Ал эми Орозо айт майрамын ал үйүндө изоляцияда белгилегенин айткан.

Эске салсак, 21-май күнү Рамзан Кадыровдун коронавируска шектелип, Москвага ооруканага алынып келгени айтылган. Кийинчерээк аталган өлкөнүн парламентинин спикери Магомед Даудов президенттин ооруп жаткандыгы тууралуу маалыматты четке каккан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Raihan0602
2020-05-28 00:23:18
Ооруй бер айланайын сени эч ким кой дебейт
+14
AksyKum
2020-05-28 01:02:06
Акын бар рак болгонгода акын бар,адамсын кааласан ак кан бол спидда болсон болот
+6
Hatali
2020-05-28 22:03:24
AksyKum,е моё неге мынча
0
AdylbekB84
2020-05-28 02:55:08
Бул ооруса дагы зордук кылып ооруйтко тобо, бул, Курбангулы, Рахмон, Ким Чен булар баары бир гөр!
+4
Kaary
2020-05-28 02:57:24
Астагфирулла десеңер! Бул киши дагы Москвадагы канчалаган биздин кыйналган жарандарга бекер продукты таратты, болгондо да эт майларын менен. Баардык отургандарга Кудай шыпаасын берсин!
+11
Kaary
2020-05-28 04:41:10
Kaary,ооругандарга
0
Agayu
2020-05-28 03:28:06
Өздөрү билет да , өзүбүздүн пролемабыз толтура .
+3
Jeltelmen.99
2020-05-28 03:54:46
Ден соолук кадырын оорукчан жан билет
Ооруунун кадырын боорукер жан билет
Жокчулук кадырын коксогон жан билет
Суйуунун кадырын жетбеген жан билет
Достуктун кадырын четтеген жан билет
Адамдардын писихологиясы айныды
0
algakaray
2020-05-28 07:59:07
Оорусаныз таарынамын оорубагыныз деген ырдай го.
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан