Коронавирус инфекциясын жуктуруп алган Оштун "Алай" футболдук клубунун оюнчусу илдеттен толук айыкты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына клубдун басма сөз кызматкери Нуристан Марат уулу билдирди.
"Коронавирус илдетин жуктуруп алган футболчубуз айыгып чыкты. Аны менен бир бөлмөдө жашаган дагы бир футболчубуздан ооруну симптомдору байкалган. Бирок андан инфекция аныкталбай, бронхит болуп эле ооруп жатканы белгилүү болду.
Алай клубу 1-августтан баштап толук курамда машыгууларын баштайт", - деди клубдун өкүлү.
Буга чейин "Алай" футболдук клубунун бир оюнчусунан коронавирус инфекциясы аныкталгандыгы кабарланган.