Билим берүү тармагында иштеген адам коронавирус менен ооруп, андан кийин өзүнүн үй-бүлө мүчөлөрүнө жуктуруп алганын бүгүнкү маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
"Азыр өлкөдө байланышта болуп, андан соң ооруп калгандар көбөйдү. Мисалы, билим берүү тармагында иштеген адам өзү коронавирус менен ооруп калып, андан кийин дагы 5 адамга аны жугузган.
Ошондон улам урматтуу жарандар, айтылган эрежелерди сактагыла. Мына азыр базардын баары иштеп баштады. Андыктан бет капты тагынып, өзүңөргө кам көрүшүңүздөр керек", - деди Үсөнбаев.