Кыргыз-Тажик чек арасында 8-майда жарадар болгон жоокерди операция кылуу үчүн Москвага алып кетишти. Бул тууралуу жоокердин агасы Батыр Модонов билдирди.
"Кечээ, 29-майда кечинде алып кетишти. Ал жактан операция болот экен. Бирок так датасы белгисиз. Ал эми инимди коштоп жакындары бара алган жокпуз. Аны дарыгерлер коштоп алып кетишти. Абалында өзгөрүү деле жок", - деди Модонов.
Окуянын чоо-жайы:
8-майда Баткен районунун Көк-Таш айылында кыргыздар менен тажиктердин ортосунда чыр чыккан. Жергиликтүү тургундардын жана расмий бийликтин билдиришинче, чыр жер тилкесин талашуудан чыккан жана аныгында талашка түшкөн жер тилкеси кыргыздарга тиешелүү болгон. Жер тилкеси үчүн 30-40ка чукул кыргыздар менен 30-40тай тажиктер бири-бирине таш ыргытышып, уруш учурунда ок дагы атылган.