"Колуңарды самын менен эле жуугула". Евгений Комаровский антисептиктер акча өндүрүүнүн бир түрү экенин айтып чыкты

Орусиялык белгилүү балдар дарыгери Евгений Комаровский антисептикалык каражатты туура пайдалануу боюнча көрсөтмөсүн берген. Бул тууралуу видеону дарыгер өзүнүн ютуб каналына жарыялаган.

Комаровский узак убакыт бою жазылуучуларына антисептикти колдонууда туура эмес багыт берип келгенин моюнга алган.

"Дарыгер Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму 3 миллилитрден аз эмес көлөмдөгү дезинфекциялоочу каражатты 30 секунд бою үзгүлтүксүз сүртүп туруш керек деген сунуштамасы жөн гана акча коротуу экенин айткан. Мындай жыйынтыкка ал кичинекей эксперимент жасоо менен келгенин билдирген.

"Колдорубузду уюмдун берген нускамасына ылайык тазалоодон өткөрүү үчүн антисептикалык каражаттын капкагын 27 жолу басышыбыз керек экен. Ошондуктан, акчаңарды бекер коротпой, андан көрө колуңарды самын менен эле бат-баттан жууп тургула" деген кеңешин берген дарыгер. Мындай идиштеги антисептиктерди өндүрүү адамдарды массалык түрдө алдоо экени белгиленген"
, - деп жазылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
KalenAlmaz
2020-05-30 23:55:39
Кокон вирус кокого жетти.
+3
Jeltelmen.99
2020-05-31 02:58:51
Олуп кеткиле. Жанынар чыгып кетсин
-1
0001KG
2020-05-31 07:40:33
Бириңди бириң шывашка өттүңөрбү эми?)
-1
algakaray
2020-05-31 09:43:34
Кайсынысына ишенээримди да билбей калдым. Бирок, самындап эле жууп атам. Мурунтан бери самынды колдонуп келгенбиз эми да колдоно беребиз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан