Базар-Коргон районунда кошумча жугуштуу оорулар бөлүмдөрү ачылат. Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот Мирзахмедов Базар-Коргон районундагы жугуштуу оорулар бөлүмү катары даярдалып жаткан имараттардын абалы менен белгиленген жерден таанышты.
Облус башчысы алгач райондогу №63 кесиптик лицейине барды. Учурда аталган жай 150 орундуу аймактык оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмү катары толугу менен капиталдык оңдоодон өтүүдө.
Аны менен катар ыйгарымдуу өкүл Базар-Коргон айыл өкмөтүндөгү Абдурахманов көчөсүндө жайгашып, учурда иштелбей турган маданият үйүнүн имаратында да болду. Илдет менен күрөшүүдө алдын алуу чараларын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо үчүн бул жайга да 70 орундуу жугуштуу оорулар бөлүмү катары ишин баштайт. Учурда имараттарды актап сырдоо иштери кызуу жүрүүдө. Андан соң райондук оорукананын кошумча 30 орунга даярдалып жаткан бөлүмүнө барды.
Өкүл оорунун алдын алууда орундардын санын дагы да көбөйтүү керектигин айтып, бул жайларда санитардык талаптар толук кандуу сакталуусу керектигин эскертти. Ага кошумча керектүү каражаттар жана медициналык жабдыктар менен камсыздоого көмөктөшөөрүн айтты.