Түркияда коменданттык саат күчөтүлүп, сапарга чыгууга тыюу салынды

Түркияда коронавирус илдетинин жайылышына байланыштуу коменданттык саат күчөтүлдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү үчүн коменданттык саатты күчөтүп, Түркиянын шаарларына сапарга чыгууга тыюу салды. Коменданттык саат 19:00дөн таңкы саат 05:00гө чейин болот. Ошондой эле өлкөнүн башка шаарларына да каттоого убактылуу тыюу салынган.

Айта кетсек, 12-апрель күнү Орусия Түркияга болгон чартердик аба каттамын 15-апрелден 1-июнга чейин токтоткон.

Түркиянын саламаттыкты сактоо министри өлкө коронавирус илдетинин эң оор баскычынан өтүп жатканын билдирген.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан