Бир сутка ичинде 6 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды

Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык 6 кызматкерден коронавирус инфекциясы аныкталды.

Алардын ичинен:

Бишкек шаарында - 3;

Ош шаарында - 1;

Нарын облусунда - 2.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу 350 медициналык кызматкерге коюлду. Алардын ичинен 249 медицина кызматкери стационарлардан айыгып чыккан.

Бүгүнкү күнгө карата өлкө боюнча 26 адамдан инфекция табылганы маалымдалган.

“COVID-19 илдетин жаңы жуктурган 26 адамдын экөөсү сырттан келген. Алардын бирөө сапарда жүргөн жаран болсо, экинчиси энеси менен Орусиядан келген өспүрүм. Калган байланышта болгондор медиктердин көзөмөлүндө”, - дейт саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан