Абылгазиев: "Вирустун киришине даярдык көрүүгө биздин убактыбыз болду жана эмне кылуу керектигин да билебиз"

Биз бардык жоопкерчиликти түшүнүү, тартипти жана өздүк гигиенаны сактоо менен гана коронавирус инфекциясын жеңе алабыз. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коронавирус инфекциясына байланыштуу кырдаал боюнча өткөрүлгөн кеңешмеде билдирди.

"Өлкөгө инфекциянын киришине жол бербөө боюнча биздин аракеттерибизге карабастан, вирусту жуктуруп алган 3 учур аныкталды. Бул 2020-жылдын 12-мартында Сауд Арабиядан келген жарандар. Ошол учурда бул мамлекет эпидемиологиялык жактан туруксуз болгон өлкөлөрдүн категориясына кирчү эмес. Ошондуктан алар алгачкы текшерүүдөн кийин үй карантинине алынган. Дарыгерлер аларды күнүгө текшерип турушкан. Вирустун киришине даярдык көрүүгө биздин убактыбыз болду жана түзүлгөн кырдаалда эмне кылуу керектигин да билебиз. Вирустун кирүү мүмкүндүгү күндөн-күнгө өсүп турду жана кийинки иш аракеттерге даярданганбыз. Ошол рейс менен келген 135 жүргүнчүнүн баары өзүнчө бөлүнүп, изоляцияга алынды", - деп билдирди өз сөзүндө өкмөт башчы.

Өкмөт башчы министрлер кабинетинин алдында турган милдеттерге токтолду.

411 миллион сомго 20 миң тонна ун сатып алуу тууралуу сунушу парламенттин кароосуна киргизилди. Мындан тышкары республикалык бюджеттен бөлүнгөн 400 миллион сом жана "Айыл Банк" жана "РСК Банк" ААКлардан бирдей үлүштө бөлүнгөн 400 миллион сом азык-түлүк менен камсыздоо жаатында ишкерликти өнүктүрүү үчүн жеңилдетилген насыяларды бөлүүгө багытталат.

"Ошондуктан өлкөнү зарыл болгон азык-түлүк жана биринчи кезекте керектелүүчү товарлардын запасы менен камсыздоо маселеси болбошу керек. Чек ара аркылуу жүк ташуу кадимки режимде ишке ашырылууда. Мен Орусиянын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин жана Казакстан Республикасынын премьер-министри Аскар Мамин менен эки ирет сүйлөштүм. Биздин пикирлерибиз келишет. Чек араларыбыз жабык болгон шартта да, жүк ташуу үчүн чектөөлөр болбошу керек. Ишкерлерди колдоонун маанилүү экендигин өзгөчө белгилеп кетким келет. Ата мекендик бизнеске учурдагы шарттарды эске алуу менен колдоо көрсөтүүнүн таасирдүү механизмдерин сунуштоо кажет. Жыл башынан бери бюджетке 2 миллиард 5 миллион сомдон ашык салык түшпөй калды. Бирок бул калкыбыздын саламаттыгына салыштырмалуу эч нерсеге татыбайт. Биз бул нерседен өтүшүбүз керек. Өкмөт жарандардын алдында өзүнө алган бардык социалдык милдеттенмелерин толук көлөмдө аткарат.

Тартип жана жоопкерчилик менен гана коронавируска каршы күрөштө жеңишке жетишүүгө болот. Башка эл кандай чакырыктарга кабылганын жана бул сыноолорду кандай баа менен өтүп жатканын баарыңыздар көрдүңүздөр", - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан