Акыркы бир сутка ичинде өлкөдө дагы 1 медицина кызматкери коронавирус инфекциясын жуктуруп алганы аныкталды. Маалыматты республикалык штабдан кабарлашты.
Ал эми бир суткада стационардан 2, үй карантининен 9 медкызматкер чыгарылган.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3635 учур катталды, алардын ичинен 3398 медкызматкер сакайды.