Бир сутка ичинде коронавирустан 46 адам айыгып, ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 3-июнда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат брифингинде билдирди.
Бишкек шаары – 7;
Нарын облусу – 31;
Ош шаары– 2;
Ош облусу – 2;
Жалал-Абад облусу – 3;
Баткен облусу – 1.
Республика боюнча жалпы 1265 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.