10-майда саат 24:00дөн баштап өлкөнүн айрым аймактарына киргизилген өзгөчө абал режими алынган болчу. Ага ылайык, коменданттык саат да жоюлган.
Бүгүн, 17-майда SUPER.KG порталы Өзгөн шаарынын өзгөчө абал алынгандан кийинки көрүнүшүнө көз салды. Азыркы тапта Өзгөндө базар иштебесе дагы азык-түлүк, жашылча-жемиш жана көчөт саткан чакан соода түйүндөрү ишин улантып жатат.