
Өзбекстанда карантиндик режим 1-августка чейин узартылды. Мындай чечимди өлкөнүн республикалык атайын комиссиясы кабыл алды деп жазышат коңшу өлкөнүн басылмалары.
Анда чектөө чаралары, милдеттүү түрдө бет кап тагынуу, антисептикалык каражаттарды колдонуу, дистанциялык аралыкты сактоо талаптары күчүндө калтырылганы айтылат. Ошондой эле иштөөгө уруксат берилген мекеме, ишканаларда коронавирус жуктуруп алгандарга жоопкерчилик алуу жүктөлдү.
Ал эми 1-августтан тарта мектепке чейинки билим берүү жайлары ишке киришери айтылат маалыматта.
Карантиндин мөөнөтү узартылганына карабай, коңшу өлкө эпидемиологиялык абал туруктуу делинген Кытай, Япония, Түштүк Корея жана Израиль өлкөлөрү менен аба каттамдарын 15-июндан баштап жандантат.
Бүгүнкү күнгө карата коңшу өлкөдө коронавирус менен ооругандардын саны 5 миң 51ге жетип, анын 3 миң 910у айыкты. 19 бейтап каза болду.