Индияда сутка ичинде коронавирус инфекциясы аныкталгандардын рекорддук көрсөткүчү катталды

Индияда акыркы бир сутка ичинде коронавирус инфекциясы 9 миң 987 адамдан аныкталды. Бул көрсөткүч аталган өлкөдө инфекция башталгандан бери рекорддук көрсөткүч болуп саналарын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус инфекциясы аныкталгандардын көпчүлүгү өлкөнүн батышындагы Махараштра штатында жана Мумбаи шаарында катталган. Ошол эле учурда Индияда коронавирус инфекциясы күн санап көбөйүүдө. 4-июндан баштап бул өлкөдө күнүнө 9 миңден ашык адамдан инфекция аныкталып келе жатат.

Буга чейинки рекорд кечээ, 8-июнда катталган. Анда 9 миң 983 адамдан инфекция аныкталган.

Акыркы маалыматтар боюнча, Индияда коронавирус инфекциясы жалпы 266 миң 598 адамдан аныкталды. 7 миң 473 адам каза болсо, 129 миң 215 бейтап айыгып чыкты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
saparu
2020-06-09 12:55:48
Менин ойумча бул оору пландагандай жайылып жатат индияда мурун эле кобойуш керек эле
0
AksyKum
2020-06-09 15:17:47
saparu,сиздин план боюнча жайылбай жатабы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан