Бразилияда коронавирустан каза болгондордун саны 40 миңден ашты

Бразилияда коронавирус инфекциясынан каза болгондордун саны 40 миңден ашты. Ал эми бул илдетти жуктуруп алгандардын саны 800 миңден ашуун. Мындай маалыматты аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги жарыялаган.

Анда айтылгандай, акыркы 1 сутка ичинде 30 миң 412 адамдан вирус аныкталып, 1239 адам бул илдеттин кесепетинен каза болду. Муну менен аталган өлкөдө вирус жуктурган адамдардын жалпы саны 808 миң 828ге жетти. Ал эми вирус катталгандан бери жалпы 40 миң 919 адам каза болгон.

Бразилия Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жана АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин күн сайын жаңыланып туруучу статистикасында вирустан каза болгондордун саны боюнча дүйнөдө 3-орунда турат, ал эми вирусту жуктургандардын саны боюнча АКШдан кийинки 2-орунда турат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан