Кытайдын Ухан шаарында пайда болуп, дүйнөгө кеңири кулачын жайган коронавирус инфекциясы коркунучтуу экенин биринчилерден болуп айтып чыгып жана өзү бул инфекциянын айынан каза болгон кытайлык дарыгер Ли Вэньляндын аялы төрөдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Менин сүйүктүүм. Сен бейиште жатып муну көрдүңбү? Сенин мага берген эң акыркы белегиң бүгүн жарык дүйнөгө келди", - деп жазган социалдык тармактагы баракчасына дарыгердин аялы Фу Сюэцзе.
Маалыматка ылайык, Ли Вэньлян 2019-жылдын 30-декабрында коронавирус инфекциясы дүйнөгө коркунуч жаратарын айтып чыккан. Бирок полиция кызматкерлери ага жалган маалымат таратууда деген жүйөө менен эскертүү берген.
Дарыгер өзү коронавирус инфекциясын 10-январда жуктуруп алган жана 7-февралда бул оорудан каза болгон. Март айында Ухан полициясы Ли Вэнляндын үй-бүлөсүнөн кечирим сураган.
Бүгүнкү күндө бул оорунун айынан дүйнөдө 421 миң 516 адам каза болду.